Эт рыногундагы баалардын абалы

17.12.2019, 17:55 Акчабар
Эт рыногундагы баалардын абалы

Ноябрь айында уйдун этинин орточо чекене баасы 2019-жылдын октябрь айындагы баасы менен салыштырмалуу бир килограмы 1,96 сомго же 0,6 пайызга жогорулады, ал эми Каракол шаарында бир килограммга 13,20 сомго баанын төмөндөшү катталган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Эң көп өлчөмдө уйдун этинин баасы Токтогул шаарында килограмы – 11,27 сомго же 3,8 пайызга жана Талас шаарында килограмы – 6,66 сомго же 2,3 пайызга кымбаттаган.

2019-жылдын 16-декабрына карата уйдун этинин чекене баалары үстүбүздөгү жылдын ноябрь айы менен салыштырмалуу 2,32 сомго же 0,7 пайызга өскөн. Муну менен бирге, уйдун этинин баасы көп шаарларда өзгөрүүсүз сакталып калган. 16 декабрга карата эң жогорку баалар Бишкекте (бир кг – 356,81 сом), Ош (бир кг – 352,47 сом), Кара-Суу (бир кг – 350,00 сом) жана Жалал-Абад шаарларында (бир кг – 350,00 сом) болгону байкалган.

Ушул эле учурда минималдуу баалар Талас шаарында жана Покровка айылында байкалды, анда уйдун этинин баасы бир килограмга 300 сомду түзгөн.


Тэги: Кыргызстан эт рынок баа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть