Евробиримдик Чыгыш Европа өлкөлөрүнө 3 млрд евро жардам катары берет

23.04.2020, 10:45 Акчабар
Евробиримдик Чыгыш Европа өлкөлөрүнө 3 млрд евро жардам катары берет

Евробиримдик Чыгыш Европа өлкөлөрүнө, Туниске жана Иорданияга бир жыл ичинде 3 млрд. евро жардам берет. Европарламент менен биримдикке кирген өлкөлөр планды жакынкы апталарда бекиткени турушат. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы жазды.

Еврокомиссия каражат коронавирустун экономикалык кесепеттерин жумшартыш үчүн «абдан пайдалуу шарттар менен» сунушталганын билдирди.

Эң чоң бөлүгү – 1,2 млрд. евро - Украинага тиет. Постсоветтик дагы эки өлкө - Грузия 150 млн. евро, Молдова 100 млн. евро алышат.

Андан тышкары Босния, Албания, Косово, Түндүк Македония жана Черногория жардам алышат.

Ал эми Тунис 600 млн. евро, Иордания 200 млн. евро алганы турушат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу экономика токтогонуна байланыштуу дүйнөнүн өнүгүп келаткан өлкөлөрү катаал кризиске кабылып, бюджеттик таңкыстык көбөйүүдө.

Тэги: Евробиримдик Чыгыш Европа өлкөлөр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть