COVID-19: Евробиримдик Кыргызстанга 36 млн евродон ашык каражат бөлөт

28.04.2020, 13:00 Акчабар
COVID-19: Евробиримдик Кыргызстанга 36 млн евродон ашык каражат бөлөт

Евробиримдик Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүүгө 36 млн евродон ашык каражат бөлөт. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, COVID-19 өлкөнүн саламаттык сактоо тармагына жана социалдык-экономикалык кырдаалга терс таасирин тийгизүүдө. Мындан улам саламаттык сактоо тармагынын даярдыгын жогорулатуу жана калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүү керек.

Буга байланыштуу Евробиримдик 36 миллион евродон ашык каражатты грант түрүндө Кыргызстанга бөлөт. Ал каражат макрофинансылык туруктуулукту, социалдык коргоо жана азык-түлүк коопсуздугун, саламаттык сактоо тармагын колдоого, кризисти башкаруу жана жеке секторго жардам көрсөтүүгө багытталат.

«Бул сымал жардам менен Евробиримдик ушул глобалдык кризис учурунда Кыргызстан жана анын эли менен туруктуу байланышын жана тилектештигин көрсөтүп турат. Биз кабыл алган чаралар Кыргызстандагы пандемиядан келип чыккан эң актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Евробиримдик өлкөнүн ишенимдүү өнөктөшү катары кризистен кийин дагы колдоо көрсөтө берет», - дейт Европа Биримдигинин элчиси Эдуард Ауэр.

Европа Биримдигинин Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу 30,8 миллион евро грантты камтыйт, ал каражат бардык эки тараптуу процедуралар аяктагандан кийин бюджеттин тартыштыгын азайтуу үчүн түздөн-түз казыналыкка өткөрүлүп берилет. Бул каражат калктын аярлуу катмарын коргоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле башка тармак үчүн атайын каржылоону камтыйт.

Евробиримдик Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана Бажы кызматына 4 миң 750 комплект жеке коргонуучу каражат (4 миң беткап, 250 респиратор, 250 коргонуучу костюм) берген.

Ошондой эле ЕБ мектеп окуучулары үчүн дистанттык билим берүү платформасын түзүү үчүн 80 миң евро бөлдү.

Белгилей кетсек, 2014-2020-жылдар аралыгында Евробиримдиктин Кыргызстанга колдоо катары бөлгөн акча каражатынын суммасы 263 млн еврону түзөт.

Тэги: COVID-19 Евробиримдик Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть