Финансы министрлиги: тышкы карыз 1 млрд $ өстү деген маалымат чындыкка дал келбейт

18.09.2020, 14:00 Акчабар
Финансы министрлиги: тышкы карыз 1 млрд $ өстү деген маалымат чындыкка дал келбейт

2020-жылы тышкы карыз 1 млрд долларга өсүп кетти деген айрым парламент мүчөлөрүнүн билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө 337 млн доллар тышкы жардам алынса, анын ичинен 269 млн доллар насыя катары берилген.

«Үстүбүздөгү жылдын 31-июлуна карата мамлекеттик тышкы карыздын көлөмү 4 млрд 169.6 млн долларды түзөт. Жыл аягына чейин анын көлөмү 154 млн долларга жогорулап, 4 млрд 323.6 млн долларды түзөт», — деп такташты Финансы министрлигинен.

Андан сырткары, министрлик депутаттар тезинен кабыл алган эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлоруна макул эмес. Ведомствонун маалыматы боюнча, документтерди бекитүү боюнча бардык процедуралар республиканын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлдү.

«Эл аралык келишимдердин негизинде каражат алуу тууралуу көптөн бери айтылып келет. Донорлор менен сүйлөшүүлөр ушул жылдын февраль айында башталып, апрель айында жактырылган. Каражаттарды 2020-жылга пайдалануу боюнча жобо республикалык бюджетте жана Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген, ошондой эле 2021-2022-жылдарга болжолдуу түрдө пайдалануу иштелип чыккан», - деп билдирди министрлик.

Тэги: млрд доллар парламент мүчөлөрү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть