Германия Кыргыз Өкмөтүнө 41,8 млн евро өлчөмүндө грант берет

07.08.2020, 10:49 Акчабар
Германия Кыргыз Өкмөтүнө 41,8 млн евро өлчөмүндө грант берет

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Германия Өкмөттөрүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга финансылык жана техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашуу тууралуу мыйзамына кол койду.

Ага ылайык Германия каржылык кызматташууга 41,8 миллион евро өлчөмүндө гранттык каражат бөлүп берет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ушул сумманын ичинен 21,8 миллион евро төмөнкү долбоорлорго берилген:

  • "Перинаталдык саламаттыкты сактоого көмөктөшүү" - 4 миллион евро;
  • Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү - 6 миллион евро;
  • "Кесиптик билим берүү тармагында жумушка орношууга көмөктөшүү" - 5 миллион евро;
  • “Жаңгак токойлорун жана жайыттарды муниципалдык эксплуатациялоо аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу” - 2,9 миллион евро;
  • “Изилдөө жана адистер фондун түзүү” - 2,5 миллион евро;
  • "Кыргызстанда сапатка байланыштуу кызматтарды пайдаланууну илгерилетүү" - 1,4 миллион евро.

Калган 20 миллион евро долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн каралган:

- Финансылык сектордун наркты чындоо программасы - 9 миллион евро;

- Финансылык сектордун наркты чындоо программасы, кошумча иш-чара - 1 миллион евро;

- Саламаттыкты сактоо тармагы долбоору - 10 миллион евро.

Тэги: грант Германия каражат бөлдү Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть