ИИМ: Чет өлкөгө ишке орноштуруу боюнча жалган маалыматтар тарап жатат

29.03.2022, 13:24 Акчабар
ИИМ: Чет өлкөгө ишке орноштуруу боюнча жалган маалыматтар тарап жатат

Учурда социалдык тармактарда кыргызстандыктарды Улуу Британияга, Европа жана Азия өлкөлөрүнө ишке орноштуруу боюнча жалган маалыматтар тарап жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга байланыштуу ИИМ башка мамлекеттик органдар менен биргеликте уруксаты жок, шек жараткан жарнактарга жол бербөө, ошондой эле Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөргө ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз иш жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактарды аныктоо боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашырып жатат.

“Алдамчылык аракеттерге жол бербөө, ошондой эле мыйзамсыз миграцияны уюштуруу фактыларына бөгөт коюу максатында ИИМ шектүү фактылар же адамдар боюнча милицияга жана жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна маалымдоону өтүнөт”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору компаниялардын бири менен макулдашуунун алкагында Кыргызстандын жарандарын Улуу Британияга айыл чарба чөйрөсүндөгү мезгилдик иштерге жумушка орноштуруу боюнча иштер жүрүп жатат

Айыл чарба иштерине ишке орноштуруу эрежелери жөнүндө толук маалыматты Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун сайтынан migrant.kg жана “AgriHR” компаниясынын сайтынан алууга болот.

Тэги: ИИМ Улуу Британия жумушка орноштуруу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть