ИИМ жасалма 30 миң еврону Түркиядан алып келген жаранды кармады

03.02.2020, 10:00 Акчабар
ИИМ жасалма 30 миң еврону Түркиядан алып келген жаранды кармады

Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы 30 миң евро өлчөмүндөгү жасалма акчаны ташып келе жаткандарды кармады. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

«Бишкекте жасалма акча каражаттарын өткөрүп жаткан, Түркиядан Кыргызстанга жасалма акча каражаттарды ташып келген топтун мүчөсү кармалган. Мыйзмсыз акча айлантуудан жасалма 30 миң евро өлчөмүндөгү акча каражаты алынган»,-деп билдиришти мекеменин басама сөз кызматынан. Аталган иш боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Кылмышка тиешеси барларды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Тэги: ИИМ жасалма акча жаран

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть