ИИМ тез киреше сунуш кылган бүтүмдөргө катышпоону эскертет

15.03.2022, 17:37 Акчабар
ИИМ тез киреше сунуш кылган бүтүмдөргө катышпоону эскертет

Ички иштер министрлиги жарандарга каржы пирамидалардын ишинин мыйзамсыздыгы жөнүндө жана жарандарга “инвестициялардын” ордуна жеңил жана тез киреше сунуш кылган бүтүмдөргө катышпоону эскертет.

Өлкөдө жыл сайын бир нече он миңдеген жарандар каржы пирамидалардын курмандыгы болушат. Ар кандай каржы пирамидалар жарандардын чөнтөгүнөн алынган акча менен өнүгүп жатат.

“Алдамчылар кыймылсыз мүлк, облигациялар жана акцияларды сатып алууну сунушташат, жогорку кирешелүү интернет долбоорлоруна, курулушка жана айыл чарбасына акча салууга убада беришет. Жогорку натыйжалуу өндүрүшкө инвестиция салууга үгүттөп келишет”,- деп ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Ошондой эле Ички иштер министрлиги жарандар каржы пирамидасынын курмандыгы болсо, анда токтоосуз ички иштер органдарына кайрылып, мыйзам чегинде укугун коргоого чакырат. Андан тышкары, министрлик жарандарга мамлекеттин мыйзамдуу өкүлдөрү болгон мамлекеттик банктарга жана ипотекалык компаниялар менен гана өз ара кызматташууну сунуш кылат.

Тэги: ИИМ каржы пирамида бүтүм тез киреше

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть