2020-жылы инфляциянын көлөмү 10.8% түзүшү мүмкүн. Алдын-ала божомолдонгон 3.7% дагы жогорулайт. Бул тууралуу «2020-жылдын республикалык бюджети жана 2021-2022 жылдын болжолдуу бюджети» тууралуу такталган мыйзам долбоорунда маалымдалат.
Инфляциянын көлөмүнүн өсүшү, товар импортунун өзгөрүлүшү, финансы рыногундагы абалдын туруксуздугу жана азык-түлүккө болгон баанын сезондук өзгөрүп туруусу менен шарттуу болгон.
Эске сала кетсек, буга чейин«Акчабар» инфляциянын эн жогорку көрсөткүчү март айында Кыргызстан менен Белорусияда катталгандыгы тууралуу жазган.