Кыргыз-казак чек арасында 180 баш ири мүйүздүү малды мыйзамсыз ташып бара жаткандар кармалды

01.10.2019, 17:34 Акчабар
Кыргыз-казак чек арасында 180 баш ири мүйүздүү малды мыйзамсыз ташып бара жаткандар кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Ак-Тилек автожолу" контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан ири мүйүздүү малдарды мыйзамсыз алып келе жаткандарга бөгөт койду.

Атап айтканда, 180 баш ири мүйүздүү малды ташыган машиналар кармалган. Импорттоочулардын салыктык каттоо жөнүндөгү салык органынын маалымкаты жана башка документтери болгон эмес.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

Тэги: Ири мүйүздүү мал кыргыз-казак чек ара 180

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть