Ишенбаев: Чиновниктердин банктык эсеби соттун чечиминен соң гана токтотулат

06.10.2020, 10:10 Акчабар
Ишенбаев: Чиновниктердин банктык эсеби соттун чечиминен соң гана токтотулат

Чиновниктердин банктык эсеби соттун чечиминен соң гана тоңдурулат. Бул тууралуу «Акчабарга» Бай Түшүм банкынын өкүлү Максатбек Ишенбаев билдирди.

«Азырынча Бай Түшүм банкына бир дагы чиновниктин банктык эсебинен операцияларды токтотуу боюнча буйрук келе элек. Негизи, мындай чечим банктарга соттон келиши керек. УКМК бул боюнча коммерциялык банктарга түз буйрук бере албайт», - деп билдирди Ишенбаев.

Эртең менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалган Өмүрбек Суваналиев «Азаттыкка» интервью берип жатып мамлекеттик органдардын банктык эсептеринен операция жүргүзүү токтотулганын билдирген.

Тэги: Ишенбаев банк иш токтотуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть