Ишкердик субъекттерине карата банкроттук процессин демилгелөө токтотулду

02.06.2020, 11:00 Акчабар
Ишкердик субъекттерине карата банкроттук процессин демилгелөө токтотулду

Экономика министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департаменти, өкмөткө караштуу Мамлкеттик салык кызматы, Социалдык фонд ишкердик субъекттерге карата банкроттук процессин демилгелөөнү 2021-жылдын 1-январына чейин токтотту. Тиешелүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Документ COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жана пандемия мене күрөшүүнүн алкагында чарбалык ишмердүүлүктү чектөө боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чараларга түз жана кыйыр түрдө байланышкан жагдайлардан улам төлөөгө жөндөмсүздүктүн белгилери пайда болгон ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү максатынд кабыл алынды.

Бүгүнкү күнү пандемия менен күрөшүү чараларынын эл аралык масштабы, ошондой эле COVID-19 вирусунун кирүүсүнө жана жайылуусуна жол бербөөнүн алкагында өлкө ичинде чарбалык ишмердүүлүктү чектөө боюнча бир катар чаралар көптөгөн ата мекендик коммерциялык уюмдардын жана жеке ишкерлердин экономикалык активдүүлүгүнө терс таасир тийгизүүдө. Кырдаалды турукташтыруу үчүн Кыргыз Өкмөтү тарабынан ишкердик субъекттерин колдоо боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдерин киргизүүнүн жыйынтыгында топтолгон салыктык жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздардын суммасын төлөөгө мөөнөтүн узартуулар жана бөлүп төлөө каралууда.

Тэги: Ишкердик субъект банкрот

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть