Италия ЕБнин атайын фондунан 209 млрд евро алат

21.07.2020, 14:40 Акчабар
Италия ЕБнин атайын фондунан 209 млрд евро алат

Италия Евро биримдигинин экономикасын калыбына келтирүү фондунан 209 млрд евро алат. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазып чыкты.

Италиянын премьер-министри Джузеппе Конте ЕБ өлкөлөрүнүн пандемиядан кийин калыбына келтирүү фонду менен жетишилген келишимди Европа үчүп тарыхый учур деп атады.

«Италия калыбына келтирүү фондунан 28 пайыз алат, 81 млрд евро субсидия иретинде, ошондой эле өлчөмү 127 млрд еврого жеткен каражатты займ катары»,-деди ал.

Евро Биримдигинин мамлекет жана өкмөт башчылары уюмдун тарыхындагы эң узак саммитинин жыйынтыгында, Евро Биримдигинин жети жылдык бюджетинин компромистик жолу боюнча макулдаша алышты, ага ылайык, 2021-2027-жылдардагы бюджеттин планы 1.074 трлн еврону түзөт, ошондой эле Евро Биримдигинин бюджетин калыбына келтирүү фонду түзүлүп, анын өлчөмү 750 млрд еврону түздү, бул каражаттын 390 млрд евросу – грант түрүндө.

Тэги: Италия жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть