Жалал-Абадда ишкер айымдардын форуму өтөт

26.02.2020, 14:40 Акчабар
Жалал-Абадда ишкер айымдардын форуму өтөт

Жалал-Абадда ишкер айымдардын башын бириктирген форум өтөт. Бул тууралуу бүгүн Жалал-Абад бизнес ассоциациясынын башкаруу кеңешинин мүчөлөрү маалымат жыйынында маалымдашты.

Алардын айтуусуна караганда, учурда Жалал-Абаддагы өндүрүш тармагындагы айым ишкерлер кабылган бир катар көйгөйлөр бар. Тигүү жаатындагылар берилген буйрутмаларды гана аткаруу менен чектелип, өндүрүмдүн көлөмүн өстүрүү менен республикалык жана эл аралык рынокко чыгууда аксап келишүүдө.

«Бул жааттагы дагы бир канча маселелерди аныктоо менен аны жолго коюу максатында, 1-2-март күндөрү Жалал-Абад шаарында «Өнүгүүнүн аянты» аталышындагы эл аралык деңгээлдеги ишкер айымдардын форумун өткөрүүгө даярдыктар жүрүүдө», - дешти.

Иш-чаранын алкагында айымдардын ишкердик жүргүзүүдөгү артыкчылыктары, алар кабылган көйгөйлөр жана келечек пландар боюнча кенен талкуулар жүргүзүлүп, мотивациялык кеңештер берилмекчи. Анда текстиль тармагы менен чектелбей, жергиликтүү бренддерди жаратуу багытында да окутуулар жүргүзүлмөкчү.

Тэги: Жалал-Абад ишкер ишкер айымдар форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть