Жаңы жылдык балатыга 1 миллион 881 миң сом коротулат

09.12.2019, 17:50 Акчабар
Жаңы жылдык балатыга 1 миллион 881 миң сом коротулат

Билим берүү жана илим министрлиги президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Жаңы жылдык балаты-2020 иш-чарасын өткөрүү жана уюштуруу боюнча кызматка тендер өткөрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды.

Пландалган сумма - 1 миллион 881 миң 50 сом. Тендер 3-5-декабрь күндөрү өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чара 24үнөн 27-декабрга чейин уюштурулат.

Жаңы жылдык балатыны уюштурууга 2 компания арыз берген. Жеңүүчү аталган компания Кыргыз улуттук филармониясынын 1-2-кабаттагы холлун, чоң концерттик залын жана балатыны жасалгалайт. Мындан тышкары балдар үчүн жаңы жылдык белектер- жумшак оюнчуктарды алып бериши керек. Ошондой эле сынактарды уюштуруп, балдар үчүн жаңы жылдык оюн-зоок программасын өткөрөт.

Мунун катарында 3D өлчөмүндөгү мультфильм көрсөтүү, сүрөтчүлөрдү жалдоо, автобустарды камдоо, буклет даярдоо сыяктуу тапшырмалар алардын мойнуна жүктөлөт.

Тэги: Жаңы Жылдык балаты президент

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть