Жазы-Кечүү айылы электр энергиясы менен камсыз болду

01.09.2020, 17:30 Акчабар
Жазы-Кечүү айылы электр энергиясы менен камсыз болду

Жалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылына электр энергия орнотулду. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингтин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, аталган аймакта 150 үй-бүлө жашайт.

Президенттин тапшырмасы аркылуу эки айдын ичинде, Улуттук энергохолдинг тарабынан 6 бригада ишке кирип, Жазы-Кечүү айылы электр энергия менен камсыздалды.

«Жалпысынан 654 зым тирөөч орнотулду, анын ичинен: 10 кВ чыңалуудагы 479 зым тирөөч, 0,4 кВ чыңалуудагы 175 зым тирөөч. 18 километрден ашуун электр берүү чубалгылары коюлуп, 4 анкердик тирөөч орнотулду. Ошондой эле айылда 110 кВА кубаттуулуктагы 1 трансформатор жана 160 кВА кубаттуулуктагы 2 трансформатор орнотулду», - деп жазылат маалыматта.

Долбоордун жалпы сметасы 25 миллион сомду түзгөн.

Электр кубаты Сузак районунун Ак-Тоок айылындагы 35/10 кВ КЧ Кара-Кол фидерине берилет.

Тэги: Электр энергия Жазы Кечүү Улуттукэнергохолдинг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть