Кыргызстан тышкы карыздарды төлөө маселесин чечүү боюнча алгачкы кадамдарын жасады

29.05.2020, 16:00 Акчабар
Кыргызстан тышкы карыздарды төлөө маселесин чечүү боюнча алгачкы кадамдарын жасады

«Кыргызстан тышкы карыздарды төлөө маселесин чечүү боюнча алгачкы кадамдарын жасады», — деп белгиледи каржы министр Бактыгүл Жеенбаева кечээ болуп өткөн «Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара» аттуу видеоконференция форматындагы эл аралык форум тууралуу пикирин айтып жатып.

Министр президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан тышкы карызды чечүүнүн 3 этабы сунушталганын эске салды.

Биринчи кезекте, тышкы карызды төлөөнү убактылуу токтотуп же кийинки жылдарга жылдыруу гана эмес, аларды терең реструктуризациялоо зарыл.

Экинчи этап — саламаттыкты сактоо, социалдык колдоо жана азык-түлүк коопсуздугу тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу программасын иштеп чыгуу.

Үчүнчү этап — экология, климаттын өзгөрүшү жана жашыл экономика тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу боюнча программаларды иштеп чыгуу.

«Каржы министрлигинин алдында чоң милдеттер турат. Алар — программаларды иштеп чыгып, карызды алмашуу жана тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча ишти баштоо», — дейт каржы министри.

Бактыгүл Жеенбаева форумдун жүрүшүндө «БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашырууга коронавирус пандемиясы кандай таасирин тийгизет, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ири тышкы карыздары бар жана алар БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарын аткарууну уланта алабы» деген сыяктуу суроолор жаралганын белгиледи.

«Кыргызстан „Чоң жыйырмалыктын“ жана Париж клубунун жардамы менен тышкы карыздарды төлөө маселесин чечүү боюнча алгачкы кадамдарын жасады. Быйыл эки тараптуу карыздарды төлөө токтотулду. Бирок бул чаралар, албетте, жетишсиз. Биз кошумча жолдорду издеп, ар кандай эл аралык аянтчаларда диалог жүргүзүп жатабыз, анын ичинде кечээ өткөн „Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара“ аталышындагы эл аралык форум да бар», — деп сөзүн жыйынтыктады каржы министри Бактыгүл Жеенбаева.

Тэги: Тышкы карыз каржы министр Бактыгүл Жеенбаева

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть