Санкт-Петербургда ЕЭКтин 4 жылдык жыйынтыгы каралды

23.12.2019, 12:45 Акчабар
Санкт-Петербургда ЕЭКтин 4 жылдык жыйынтыгы каралды

«Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө биздин мекендештерибиздин жүрүү шарттарын жакшыртуу боюнча бир катар макулдашууларга жетишилди», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышкан Санкт-Петербургда (Российская Федерация) өткөн, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, жыйында Евразия экономикалык комиссиясынын ишинин 4 жылдык циклинин жыйынтыгы каралды. Белгиленгендей, 4 жылда көп сандагы интеграциялык долбоорлор түзүлүп, мигранттардын эмгек ишмердүүлүгүн жеңилдетүү боюнча маанилүү иштер жасалды, 2025-жылга чейин Евразия кеңешинин ишмердүүлүгүнүн стратегиялык багыттарын иштеп чыгуунун абалы талкууланды.

«Стратегиялык багыттарда санариптештирүү, маркалоо, интеграциялык долбоорлорду ишке ашыруу сыяктуу глобалдык маселелер камтылганын белгилей кетүү маанилүү. Мындан тышкары өзгөчө багыт бар, бул – бардык мигранттарды медициналык тейлөө менен камсыздоо боюнча макулдашууларды иштеп чыгуу», - деп баса белгиледи ал.

Вице-премьер-министр жыйындын жыйынтыгы боюнча кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууну баса көрсөтүп, анын алкагында интеграциялык биримдиктин өлкөлөрүндө эмгектенген жарандар үчүн пенсия чектөө механизмдери иштелип чыгарын түшүндүрдү.

«Мисалга алсак, эгерде биздин жарандар Россия Федерациясында кандайдыр бир убакыт иштеп, кайра мекенине кайтып келсе, анда жалпы иштеген мезгили үчүн ага социалдык чегерүүлөр эсептелет. Алар кийин пенсияны түзөт. Бул макулдашуу ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык долбоорлор активдүү жүрүп жатканын дагы бир ирет ырастайт. Макулдашуу биздин жарандарга башка өлкөдө иштесе да, пенсия менен камсыз болоруна келечектүү ишеним берет», - деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Тэги: Жениш Раззаков биринчи вице-премьер-министр КР Өкмөтү ЕАЭБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть