Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

31.12.2019, 11:42 Акчабар
Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына судьялардын кызматтарына дайындоо боюнча сунуштар келип түшкөн. Анда Жогорку сотко 1 талапкер, Баткен облусунун 5 жергиликтүү сотторуна 6 талапкер, Ысык-Көл облусунун 4 жергиликтүү сотторуна 5 талапкер жана Нарын облусунун 6 жергиликтүү сотторуна 6 талапкер (бардыгы 18 талапкер) каралган.

Эске салсак, 27-декабрда мамлекет башчысы айрым талапкерлер менен маектешти. Маектешүүнүн, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Сооронбай Жээнбеков судьялык кызматка 17 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макулдук берди.

«Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна сунуш кылынган 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, мамлекет башчысы бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарып берди», — деп айтылат маалыматта.

Тэги: судья жергиликтүү сот

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть