Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду

30.05.2020, 09:00 Акчабар
Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызматынан бошотуу тууралуу сунуштары түшкөн. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдери боюнча Мамлекет башчысы кол койгон Жарлыкка ылайык, Жалал-Абад облусунун Административдик сотунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулат:

— Каипова Нурила Кочкоровна;

— Мажитов Бакытбек Өмүрзакович.

Муну менен катар судьялык кызматка тандоо алкагында жана жаш курактык чегине (65 жаш) чейин дайындоо мүмкүндүгү боюнча аталган судьялардын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешке кайтарылгандыгы маалымдалат.

Кийин 2020-жылдын 25-майында мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу алардын ыйгарым укуктары токтотулган.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Тэги: Кыргыз Республикасы судья президент Сооронбай Жээнбеков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть