ЖК депутатынын бир тууганы Бахтияр Төлөнов пара менен кармалды

10.01.2020, 14:00 Акчабар
ЖК депутатынын бир тууганы Бахтияр Төлөнов пара менен кармалды

Кечээ, 2020-жылдын 9-январь күнү, Мамлекеттик миграция кызматынын маалымат - консультация борборунун жетекчиси Бахтияр Төлөнов пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу 24.kg басылмасы жеке булактарына таянуу менен билдирген.

Бүгүн, 10-январда 24.kg басылмасы кайрадан кармалган жетекчи тууралуу маалымат чыгарды. Маалыматта, Бахтияр Төлөнөв буга чейин кыргызстандыктарды чет жерге жумуш менен камсыз кылып келген аялдын ишмердүүлүгүн улантуучу лицензияны берүү үчүн, 800 доллар өлчөмүндө пара талап кылган.

Жыйынтыгында жемкорлукка туш болгон аял экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматка арыз менен кайрылган. Учурда бул иш ведомство тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү ресстринде катталды жана сотко чейинки териштирүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Бахтияр Төлөнов Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун бир тууганы болот. Ал эми миграция кызматы бул тууралуу азырынча эч кандай пикирин билдире элек.


Тэги: Жогорку Кеңеш Депутат бир тууган Пара жемкорлук

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть