Жогорку соттун судьялары шайланды

19.06.2020, 09:20 Акчабар
Жогорку соттун судьялары шайланды

Жогорку Кеңештин 18-июнундагы жыйынында депутаттар Жогорку соттун судьяларын шайлоо боюнча маселени карашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Жогорку сотунун судьялык кызматына Күмүшбек Жоомартовдун, Нурланбек Атаназаровдун, Инара Гилязетдинованын, Нурмамбет Эшалиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңеш Күмүшбек Жоомартовду, Нурланбек Атаназаровду, Инара Гилязетдинованы, Нурмамбет Эшалиевди Жогорку соттун судьялыгына шайлады. Парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынып, шайланган судьялар Жогорку Кеңеште ант беришти.

Тэги: Жогорку Кеңеш депутаттар Жогорку сот судья

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть