Жол кирени көтөрүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

02.02.2021, 13:20 Акчабар
Жол кирени көтөрүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Бишкек мэриясы тарабынан коомдук транспортто жол кирени көтөрүү боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыккандыгы жөнүндө билдирет жана укуктук жөнгө салуунун талкууланып жаткандыгын, ошондой эле кызыктар тараптардан сунуштарды чогултуп баштагандыгын жарыялайт.

Белгилей кетсек, 18-январда Бишкекте маршруттук таксилердин санынын азайгандыгы байкалган. Бир нече күн коомдук транспорттун айдоочулары шаар бийлигине жол киренин акысын көтөрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Болбосо алар ишке чыкпай тургандыгын билдиришкен. Кийинчерээк мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев айдоочулар менен жолугуп, маселени чечип берүүнү жана Экономика министрлигине бул маселени карап берүү боюнча кат жибериле тургандыгын билдирген.

Тэги: Бишкек мэрия жол кире

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть