Жыл аягына чейин билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы пайдаланууга берилет

22.06.2020, 17:45 Акчабар
Жыл аягына чейин билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы пайдаланууга берилет

Өлкөнүн билим берүү тармагынын негизги маалыматтык базасы жыл аягына чейин толук кандуу иштелип, пайдаланууга берилет.

Учурда системага билим берүү уюмдары тарабынан 1 млн 500 миңден ашуун адамдын маалыматы киргизилди. Бул:

  • бардык деңгээлдеги жана менчигинин түрүнө карабай билим алуучулар (бала бакча тарбиялануучулары, мектеп окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери);
  • бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын кызматкерлери (бала бакчадагы кароолчудан баштап, жогорку окуу жайдын ректоруна чейин);
  • бардык деңгээлдеги жана бардык менчигинин түрүнө карабай билим берүү уюмдары (бала бакчадан жогорку окуу жайга чейин).

Маалыматтык система билим берүү тармагы боюнча статистикалык маалыматты камтыган база. Билим берүү тармагындагы бардык маалыматтык системалар БББМСга интеграцияланат. Бул системанын толук кандуу иштөөсү үчүн башка мамлекеттик органдардын дагы базалары менен интеграция болушу зарыл. Ошого байланыштуу учурда «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу маалымат алмашууга даярдыктар, сүйлөшүүлөр жана макулдашуулар аткарылууда.

Система пайдаланууга берилсе, көп кызматтар, маалымкаттар (справкалар) автоматташтырылат, маалымат алуу жеңилдейт жана билим берүү тутуму боюнча анализ жүргүзүүгө база түзүлөт.

Ошондой эле мектепке электрондук жазылуу, бала бакчаларга электрондук кезекке туруу жеңилдейт. Башкача айтканда, документтерди сканерлеп тиркөөнүн зарылчылыгы жоюлат. Учурда системаны Мамлекеттик кызматтар электрондук порталы менен интеграциялоо иштери аткарылууда.

Мындан сырткары Билим берүү жана илим министрлигине караштуу, “Жаңы китеп” маалыматтык системасы, kitep.edu.gov.kg электрондук китепканасы, 2020-жылы жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуу жана “Электрондук лицензия берүү” системалары билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасына интеграцияланат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Тэги: билим берүү башкаруу фонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть