Жыл башынан бери Кыргызстандан 120,2 миң тонна картошка экспорттолгон

15.09.2020, 16:50 Акчабар
Жыл башынан бери Кыргызстандан 120,2 миң тонна картошка экспорттолгон

Жыл башынан бери Кыргызстан 120,2 миң тонна картошка экспорттоду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Жыл башынан бери Кыргызстан 120,2 миң тонна картошка экспорттоду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

«Пандемияга карабастан Кыргызстандын продукциялары экспорттолуучу өлкөлөрдүн географиясы кеңейүүдө. 2020-жылы жалпы экспорттун көлөмү 2,4%га өстү. Жашылча-жемиштин экспорту 2019-жылга салыштырмалуу 28,8%га жогорулады. Быйыл 43 миң 502 тонна кургатылган жемиш, 78 миң 514 тонна мөмө-жемиш экспорттолду (2019-жылдын 8 айында - 32 миң 343 тонна). Өзбекстанга, Тажикстанга, Кытайга, Иранга 120 миң 200 тонна жашылча экспорттолду», - деди ал.

Анын айтымында, картошканын экспорту 2019-жылга салыштырмалуу 112,9%га жогорулаган. Кыргызстан Kазакстанга 5 миң 582 тонна, Өзбекстанга 14 миң 426 тонна, Россияга 320 тонна, Түркмөнстанга 3 миң 305 тонна экспорттогон.

«Картошканын Түркмөнстанга экспорту 2019-жылга салыштырмалуу дээрлик 1 миң 11 тоннага көбөйдү. Төө буурчак экспорттолуучу өлкөлөрдүн катары 6 мамлекетке кеңейип, төө буурчак дүйнөнүн 10 мамлекетине экспорттоло баштады", - деди ал.Пандемияга карабастан Кыргызстандын продукциялары экспорттолуучу өлкөлөрдүн географиясы кеңейүүдө. 2020-жылы жалпы экспорттун көлөмү 2,4%га өстү. Жашылча-жемиштин экспорту 2019-жылга салыштырмалуу 28,8%га жогорулады. Быйыл 43 миң 502 тонна кургатылган жемиш, 78 миң 514 тонна мөмө-жемиш экспорттолду (2019-жылдын 8 айында - 32 миң 343 тонна). Өзбекстанга, Тажикстанга, Кытайга, Иранга 120 миң 200 тонна жашылча экспорттолду», - деди ал.

Тэги: картошка экспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть