Камсыздандыруучу компаниялардын кирешеси 9 айда 910, 2 млн сомго жеткен

20.11.2019, 10:24 Акчабар
Камсыздандыруучу компаниялардын кирешеси 9 айда 910, 2 млн сомго жеткен

2019-жылдын январь-сентябрь айларында республиканын каржы сектору тарабынан 17 камсыздандыруучу компания ишмердүүлүгүн баштаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Андан сырткары, эки компаниянын лицензиясы алынган. Бир компания ишин токтотуу алдында турат.

«Камсыздандыруучу компаниялардын кирешеси 2018-жылдын январь-сентябрь айларында 16,6% көбөйүп, 910, 2 млн сомду түзгөн. Муну менен катар кирешенин башкы бөлүгү – камсыздандыруучу төлөмдөрдөн (747,8 млн сом же түшкөн кирешеден 82,2%) келип түшкөн», - деп жазылат билдирүүдө.

Ал эми компаниялардын чыгашалары 9 ай ичинде 26,9% же 839,2 млн сомду түзгөн.

Тэги: камсыздандыруучу компания 2019 киреше

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть