Кара-Кеченин көмүрү тоннасына 1330 сом болууда

02.10.2021, 13:30 Акчабар
Кара-Кеченин көмүрү тоннасына 1330 сом болууда

Кыргызстандыктар бүгүндөн тарта "Кара-Кеченин" көмүрүн өлкөнүн көмүр кампаларынан сатып алса болот. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Калкка жана бюджеттик уюмдарга көмүр жүктөө кече, 1-октябрда башталган. Эске салсак, буга чейин мекеменин басма сөз кызматы аба-ырайына байланыштуу калкка көмүр берүүнү кийинкиге калтыруу жана көмүр казууну улантуу чечими кабыл алынганын билдирген.

"Бүгүнкү күндө республика боюнча 690дон ашуун көмүр кампасы бар. Көмүрдүн бир тоннасынын баасы 1330 сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Тэги: көмүр Кыргызкөмүр каракече

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть