Кара-Сууда пахтаны кайра иштеткен ишкана ачылды

01.09.2021, 16:30 Акчабар
Кара-Сууда пахтаны кайра иштеткен ишкана ачылды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндө пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылды. Бул тууралуу “Акчабарга” президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Жеке инвесторлор тарабынан ачылган “Кашкар-Коттон Текстил” пахтаны кайра иштетүүчү ишканасына 700 миң доллар каражат сарпталган. Анда жылына 10 миң тоннага чейин чийки пахтаны кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн заманбап кайра иштетүүчү жабдыктар орнотулган.

Ишкананын ачылышы менен 80 адамга жумуш орун түзүлдү.

Тэги: пахта Ишкана Кара-Суу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть