Караколдогу салык органынын бөлүм башчысы кызматтан алынды

10.06.2020, 17:30 Акчабар
Караколдогу салык органынын бөлүм башчысы кызматтан алынды

Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызмат ордунан бошотулду. Тийиштүү буйрукка МСКнын төрагасы Кабыл Абдалиев 10-июнда кол койду. Бул тууралуу КР Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Буйрукка бөлүмдүн башчысы кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылгандыгы жөнүндө (пара алуу) Каракол шаардык сотунун 2020-жылдын 4-июнундагы соттук чечиминин негизинде кол коюлган.

Буга чейин аталган кызматкер алдын ала иликтөө жана соттук териштирүү мезгилинде ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген.

Мындан тышкары, Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыгынын начальниги аталган факт боюнча кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча өз убагында иш-аракеттерди көрбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматына ылайык эместиги жөнүндө эскертилген.

Тэги: Каракол салык орган бөлүм башчы кызмат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть