Каржы министри: тышкы карызды өз маалында төлөө боюнча иштер жүрүп жатат

27.01.2021, 09:30 Акчабар
Каржы министри: тышкы карызды өз маалында төлөө боюнча иштер жүрүп жатат

КР президентинин милдетин аткаруучу, ЖК төрагасы Талант Мамытов 26-январда, каржы министринин милдетин аткаруучу Кыялбек Мукашевди кабыл алды.

Жолугушууда 2020-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүгө алынган каражаттардын максаттуу пайдаланылышы, ошондой эле мамлекеттик тышкы карызды төлөө маселелери талкууланды.

Кыялбек Мукашев маалымдагандай, пандемия маалында киргизилген карантиндик чектөөлөр өлкө экономикасына терс таасир этип, анын ичинде мамлекеттик бажы жана салык кызматтарынын кирешелери боюнча 2020-жылдын соңуна белгиленген пландар толук аткарылган жок. Мисалы, чек аралардын жабылышы бажы жыйымдарын 5 млрд сомго кем жыйноого алып келди.

Ошондой эле 4,2 млрд АКШ доллары суммасына жеткен мамлекеттик тышкы карызды өз маалында төлөө боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады. 2020-жылы тышкы карызды төлөөгө 225 млн доллар чамасында каражат бөлүнгөн. Мурда алынган кредиттерди төлөөнүн жогорку чеги 2025-2029-жылдарга туш келет. Бул мезгилде төлөмдөрдүн өлчөмү жылына 400 млн доллардан ашуун суммага жетет.

Тэги: Каржы министрлиги Кыялбек Мукашев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть