Анализ: Нак эмес төлөм жүргүзүүнү кеңейтүү үчүн каржы секторун санариптештирүү керек

08.10.2019, 10:52 Акчабар
Анализ: Нак эмес төлөм жүргүзүүнү кеңейтүү үчүн каржы секторун санариптештирүү  керек

ЕӨККБга катышкан мамлекеттер арасында банк секторунун өсүүсү жана санарип технологиянын жайылышы жакшы көрсөткүч берип жатканы байкалууда. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын аналитикалык изилдөө жыйынтыгында жазылат.

Банктын билдирүүсүндө, санарип технология каржы кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат. Андан сырткары, калктын суроо талабы банктын андан ары өсүшүнө дагы жол түзөт. Каржы секторунун санариптешүүсү мамлекет үчүн акча каражаттын кыймылынын ачык-айкындуулугун көрсөтүп, нак эмес төлөм жүргүзүү кеңейтилет.

Санариптештирүүнүн натыйжалуулугу үчүн талапка ылайык саясат жана укук-ченем база талап кылынаары айтылып келет. Эгерде аталган талапка каржы сектору жооп бере турган болсо, банктар жаңы технологияны активдүү колдоонууга өтүп, иш жүзүнө ашыра алышат. Ал үчүн жеке сектор дагы активдүү катышуусу зарыл – деп жазылат билдирүүдө.

Санарип технология банк секторунун туруктуулугун жакшыртат. Инновациялык технологияларды колдонуу менен жана (Big Data) көп маалымат базасы – коммерциялык банктар үчүн кардарларынын тобокелдиктерин тез жана даана биле алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Банк тутумунун ачык-айкындуулугу өлкөгө инвестиция тартууга жакшы мүмкүндүк түзөт жана экономикалык трамакты көбүрөөк каржылоого жол ачат.

Булак: Тазабек

Тэги: каржы сектор санарип

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть