Кытай: Кыргызстандын карыздан кутулуусуна толук мүмкүнчүлүгү бар

10.10.2019, 14:08 Акчабар
Кытай: Кыргызстандын карыздан кутулуусуна толук мүмкүнчүлүгү бар

Кыргызстандын тышкы карызы 4,5 млрд долларды түзөт, анын ичинен 1,7 млрд. доллар кытайлык Эксимбанкка тиешелүү.

Кытай бийлиги, Кыргызстан карызынан толугу менен кутулууга мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейт. Бул тууралуу Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева бир катар ММКга маалымдаган.

Сентябрда министр Жээнбаева кытайлык экспорт-импорт банкы (Эксимбанк) менен мамлекеттик карызды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлдөрдү жүргүзүп жатаканын парламентке билдирген. Буга чейин Өкмөттүн тажрыйбасында Париж насыя клубуна 2002-2005 – ж. карыздарды жөнгө салуу боюнча кайрылуу оң натыйжа бергенин эскерткен.

«Кытайлык банкка карыздарды жөнгө салуу боюнча кайрылуунун бирден бир себеби, өлкөдөгү оор экономикалык абал, мам.карыздын көлөмү ИДПдан жогорулаганы түрткү болгон», — деп билдирет министрлик.

Белгилей кетсек, Кытайдан ЖЭБ Бишкекти жанылоого үчүн алынган насыя боюнча коомчулукта катуу талкуу жүргөн. Мындан соң, Каржы министрлиги карыздарды жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн кытай тарап менен талкулоо демилгесин көтөргөн. Бул максат менен, министрликтин өкүлдөрү Кытай Эл Республикасына президент Сооронбай Жээнбековду мамлекеттик иш сапарын даярдоо боюнча барышкан. Президент Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын президентинин жолугушуусу 2018 – жылдын 28 –31 май күндөрү болгон.

Жолугушууда кытай тарап, «Кыргызстан карыздан кутула ала турган мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген», — деп жазылат министрликтин катында.

Учурда Каржы министрлиги, «бул багытта иштер жүрүп жаткандыгын» билдирип, буга кошумча дагы германиялык KfW банк менен карыздарды жөнгө салуу боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын белгиледи. Министрдин кайрылуусунан улам, Кытай карызды кечеби же жокпу азырынча тактала элек.

Тактай кетсек, 2019 – жылдын июль айынын аягында КР тышкы карызы толугу менен 4,5 миллиард сомду түзгөн, анын ичинен 1,7 млрд. сомун өлкө кытайлык Эксимбанкка карыз. Өткөн жылдын май айынын аягындагы президенттин Кытай Эл Республикасына болгон иш сапары тууралуу маалымат Каржы министрлиги өзүнүн официалдуу сайтынан жаап койгон.

Тэги: Кыргызстан-Кытай карыз Тышкы карыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть