Казак теңгесинин курсу Казакстанга экспорттогон жактар менен комбанктар ортосунда эркин аныкталат

12.04.2022, 17:58 Акчабар
Казак теңгесинин курсу Казакстанга экспорттогон жактар менен комбанктар ортосунда эркин аныкталат

Кыргызстанда экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында, 11-апрелде Улуттук банк Башкармасы мурда кабыл алынган (18-марттагы) “Кыргызстандын коммерциялык банктарынын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларынын казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүсү боюнча убактылуу тартип жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.

Бул токтомго ылайык казак теңгесинин сатып алуу курсун белгилөө боюнча талаптар (70 пайыздан ашпаган өлчөмдө салмактанып алынган тобокелдик коэффициентин колдонуу) экспорттоо контракттарынын негизинде Казакстандын аймагына товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо менен алектенген жактардан нак эмес казак теңгесин сатып алуу боюнча Кыргызстандын коммерциялык банктарынын операцияларына жайылтылбайт.

“Казак теңгесинин сомго карата алмашуу курсу экспорттоо контракттарынын негизинде Казакстандын аймагына товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо менен алектенген жактар менен комбанктар ортосунда эркин аныкталат (келишимдин негизинде)”,- деп айтылат Улуттук банктын маалыматында.

Тэги: казак теңгеси КР Улуттук банкы комбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть