Казакстанда айрым экономикалык субъектер ишин жандантат

15.04.2020, 14:30 Акчабар
Казакстанда айрым экономикалык субъектер ишин жандантат

20-апрелден тарта Казакстанда айрым экономикалык субъектер ишин жандантат. Бул тууралуу sng.today. порталы жазып чыкты.

Бул тууралуу өлкөнүн прьемер-министри Аскар Мамин мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү менен болгон видеоконференцияда билдирди.

Маалым болгондой, алгач өнөр-жай, курулуш жана кызмат көрсөтүүчү объекттер иштеп баштайт. Нур-Султан менен Алматыда ишин жанданта турган ишканалар бүгүн аныктала турганы белгилүү болду.

Ошол эле учурда өкмөт башчы Аскар Мамин алардын санитардык нормаларды сактоосун күчөтүлгөн тартипте козөмөл кылууга бир нече конкреттүү тапшырмаларды берди. Премьер ошондой эле жумуш мекемелеринде дистанциялык аралыкты камсыз кылууну да тапшырды.

Тэги: Казакстан экономика субъекты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть