Казакстан менен көпүрөнүн курулушу боюнча 87 млн сомго келишим ратификацияланды

05.08.2020, 18:16 Акчабар
Казакстан менен көпүрөнүн курулушу боюнча 87 млн сомго келишим ратификацияланды

Кыргызстан жана Казакстан менен көпүрөнүн курулушу боюнча 87 млн сомго келишим ратификацияланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

"Ак-Тилек-Автожолу" жана "Карасу-Автожолу" өткөрмө бекеттеринин ортосундагы жаңы көпүрөнү куруу жана учурдагы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча биргелешкен аракеттер жөнүндө Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрү ортосунда келишимге кол коюлду.

Көпүрөнү куруунун болжолдуу баасы 87 миллион сомду түзөт.

"Долбоордун максаты болуп товарларды өз ара алмашуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, Кыргызстандын «Ак-Тилек автожолу» жана Казакстанстандын «Карасу автожолу» өткөрмө пункттарынын ортосунда жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо аркылуу эки мамлекеттин региондорунун ортосунда соода-экономикалык байланышты жакшыртуу эсептелет", - деп жазылат маалыматта.

Көпүрөлөр бир эле мезгилде ар бир Тараптын өзүнүн аймагында паритеттик негизде курулат, аларды ар бир тарап өз бөлүгүндө пайдаланат жана тейлейт.

Аталган өткөрмө пункттарынын ортосунда Чүй дарыясы аркылуу жаңы көпүрөнү куруу мезгилинде автотранспорт каражаттарынын өтүшү убактылуу токтотулат. Автотранспорт каражаттары жана жөө жүрүүчүлөр «Ак-Жол автожолу», «Кен-Булуң автожолу» жана «Токмок автожолу» өткөрмө жайларынан өтүшөт.

Жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо аяктагандан кийин алар бирдей үлүштө Кыргызстан жана Казакстантандын менчигине өткөрүлүп берилет.

Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 25-июнунда кабыл алынган. Ал эми мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тэги: кыргыз-казак көпүрөнүн курулушу чек ара

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть