Келечекте кайсы ГЭСтер курулат? Садыр Жапаров маалымат берди

08.06.2022, 12:30 Акчабар
Келечекте кайсы ГЭСтер курулат? Садыр Жапаров маалымат берди

Келечекте “Камбарата-1” ГЭСинин курулушу менен гана чектелбестен, Суусамыр-Көкөмерен, Сары-Жаз, Казарман, Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады сыяктуу гидроэлектростанцияларды куруу иштерин жүргүзүү зарыл. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышына старт берилген иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстандын гидропотенциалынын 10-11 пайызы гана колдонуп жатат.

“Камбар-Ата-1 ГЭС куруу” долбоору Камбарата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат, ал бийиктиги 256 м аска таш менен төшөлгөн, чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана орнотуу кубаттуулугу 1860 МВттык, көп жылдык энергия иштеп чыгуусу 5,6 млрд кВт/саатты түзгөн, сыйымдуулугу 5,4 млрд м³ суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.

Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жыл деп пландалууда.

Тэги: ГЭС курулуш энергетика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть