«Кең-Булуң-автожол» өткөрүү жайы иштей баштады

11.06.2020, 14:45 Акчабар
«Кең-Булуң-автожол» өткөрүү жайы иштей баштады

2020-жылдын 11-июнунан баштап кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан «​Кең-Булуң-автожол» өткөрүү жайы иштеп баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, казак тараптын демилгеси менен «Кең-Булуң-автожол» өткөрүү жайы бир гана бош жүк ташуучу унаа каражаттарынын өтүшү үчүн ачылды (атайын көрсөтмө болгонго чейин). Муну менен башка өткөрүү жайларындагы жумуш жеңилдеп, бош жүк ташуучу унаа каражаттары үчүн ылдам өтүүгө мүмкүнчүлүк болот.

2020-жылдын 11-июнуна карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде төрт автожол өткөрүү жайлары иштеп жатат: Чүй облусунда «Ак-Тилек-автожол», «Чалдыбар-автожол», «Кең-Булуң-автожол» жана Талас облусунда «Чоң-Капка-автожол».

Белгилей кетсек, «Ак-Тилек авто жол» жана «Чоң-Капка авто жол» өткөрүү жайларында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы №84-р тескемесинин талаптарына ылайык жарандар жана оор жүк ташуучу транспорт каражаттары өткөрүлүүдө.

Темир жол жүк тушуучу курамдар «Кайыңды-темир жол» өткөрүү жайы аркылуу өткөрүлүүдө.

Тэги: Ысык-Ата району өткөрүү жайы ЖМК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть