Кен казуучу компаниялардын киреше салыгы жогорулады

27.08.2020, 09:45 Акчабар
Кен казуучу компаниялардын киреше салыгы жогорулады

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалат.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — алтын камтыган казындыны, алтын камтыган концентратты, алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды казып алуу жана сатуу боюнча иштерди жүргүзгөн тоо кендерин казып алуучу жана тоо кендерин кайра иштетүүчү ишканаларга киреше салык салуу боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын жакшыртуу, ошондой эле роялти салыгынын базасын жана анын ставкасын тактоо болуп эсептелет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тэги: президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасы Салык кодекс

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть