2020-жылы кыргызстандыктардын улуттук валютада алган насыясынын көлөмү 16.8 млрд сомду түзгөн. Орточо пайыздык чендин төмөндөөсүнө карабастан, керектөөчү насыялардын пайызы 23.5% түзүп, эң жогорку деңгээлде турат, - деп билдирди Улуттук банк.
Башка тармактагы насыянын ставкалары 18% жогору болууда. Транспорт үчүн берлиген насыяныкы – 17.3%, айыл чарба тармагыныкы – 16.2% түзүүдө.
Пайыздык чени эң төмөн болгон насыялар даярдоо жана кайра иштетүү тармагына – 7.3%, өнөр-жай тармагына – 11.4% жана ипотекага – 12.8% берилген.