«Керемет Банк» орусиянын СберБанкынан телефон номери аркылуу ыкчам онлайн-которууларды кабыл алууда

26.01.2022, 17:01 Акчабар
«Керемет Банк» орусиянын СберБанкынан телефон номери аркылуу ыкчам онлайн-которууларды кабыл алууда

Орусиядан Кыргызстанга акча которуулар "Керемет Банктын" кардарлары үчүн дагы да ыңгайлуу боло баштады. Орусиядан Кыргыз Республикасындагы туугандарга каражаттарды которууну эми, алуучунун эсептешүү же карт эсеби тууралуу так маалыматы болбостон туруп, уюлдук телефон номерин билүү менен гана «СберБанк Онлайн» мобилдүү тиркемесинин жардамы менен жүзөгө ашырууга болот.

«Керемет Банк» менен СберБанктын өнөктөштүгү кардарлар үчүн акча которуу үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүп берет:

  • Кызмат көрсөтүү ыкчам аткарылат жана күнү-түнү иштейт.
  • Жөнөтүүнүн ар бир күндөгү чектөөсү - 150 000 рублга чейин.
  • Кардарга которууну аткаруу үчүн банкка келүүнүн кажети жок.
  • Комиссиясы пайдалуу – которулуп жаткан суммадан 1 % (минималдуу алганда – 30 рубль).
  • Которулуп жаткан сумманы автоматтык түрдө улуттук валютага конвертациялоо.
  • Кепилдик берилген коопсуздук жана акча которуунун жүрүмүнүн ачык-айкындуулугу.

«Керемет Банктын» кардарларына бир олуттуу артыкчылыгы бар: “СберБанк Онлайн” аркылуу которулган каражатты алуу үчүн кошулган интернет-банкингдин болуусу милдеттүү эмес – акчаны "Керемет Банктын" дээрлик баардык активдүү кардарлары ала алат!

Телефон номери боюнча “СберБанк Онлайн” аркылуу "Керемет Банктын" кардарынын эсептешүү эсебине жана картына которуу кандайча жүзөгө ашырылат

Тэги: Керемет Банк акча которуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть