Кыргызстандыктар январда Казакстанга 5.7 млн доллар которушкан

19.03.2021, 11:15 Акчабар
Кыргызстандыктар январда Казакстанга 5.7 млн доллар которушкан

Үстүбүздөгү жылдын январь айында кыргызстандыктар акча которуу системалары аркылуу Казакстанга 5 млн 760 миң доллар (же 2.4 млрд теңге) которушкан. Бул тууралуу Ranking.kz порталы билдирди.

Казакстанга акча которуу боюнча Кыргызстан топ-5 өлкөлөрдүн катарына кирет. Муну менен катар лидерлик позицияда жалпы көлөмдүн 21.5% ээлеген (4.5 млрд теңге), экинчи орунда — Өзбекстан турат, 3.3 млрд теңге которгон. Ал эми Кыргызстан Түштүк Корея менен АКШнын ортосунда турат.

Басылмадан белгилешкендей, Казакстанга которулган акчалардын көлөмү улам сайын төмөндөөдө. 2021-жылдын январь айында эл аралык акча которуулардын көлөмү 12.7%, 2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 12.7% төмөндөгөн.

Тэги: Акча которуулар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть