Көмүрдүн баасы төмөндөөдө

28.01.2022, 16:26 Акчабар
Көмүрдүн баасы төмөндөөдө

Көмүрдүн чекене баалары 2022-жылдын январында республика боюнча орточо эсеп менен алганда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу бир пайызга төмөндөдү жана бир тонна үчүн 5 178 сомду түздү. Бул тууралуу статистика комитетинен билдиришти.

Муну менен бирге, минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 3 000 сом), Балыкчы (бир тонна үчүн – 3 950 сом) жана Нарын шаарларында (бир тонна үчүн – 4 400 сом) болгону байкалды. Ошол эле учурда көмүргө карата эң жогорку баалар Кара-Суу (бир тонна үчүн – 7 000 сом), Баткен жана Ноокат (бир тонна үчүн – 7 230 сом) шаарларында катталды.

Байкоого алынган көпчүлүк калк жашоочу пункттарда көмүргө карата чекене баалардын төмөндөгөнү, алардын ичинен көбүрөөк Ноокат (бир тонна үчүн – 530,8 сом), Кербен (бир тонна үчүн – 510,5 сом) жана Токтогул (бир тонна үчүн – 488,8 сом) шаарларында белгиленди.

Жергиликтүү өндүрүлгөн көмүргө карата бааларды жөнгө салуу максатында, министрлер кабинетинин токтому менен көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Көмүрдү төмөндөтүлгөн бааларда сатуу боюнча түйүндөрүнүн Жалал-Абад (тоннасы 4 000 сом), Ноокат (тоннасы 5 000 сом), Кара-Суу (тоннасы 3 000-3 800 сом) жана Бишкек (тоннасы 3 000 сом) шаарларында катталды.

Белгилей кетсек, көмүргө карата (импорттук жана жергиликтүү өндүрүштө) орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын ар жумалык мониторингинин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлдү.

Тэги: Улуттук статистика комитети көмүрдүн баасы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть