Комбанктар АКШ долларында акча каражаттарын которуу көлөмүнө убактылуу чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн

14.03.2022, 14:59 Акчабар
Комбанктар АКШ долларында акча каражаттарын которуу көлөмүнө убактылуу чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн

Кыргызстандын Улуттук банкы акча которуулар боюнча төмөнкүлөрдү билдирет. Акчаларды эсеп ачып дагы, банк эсебин ачпастан дагы которууга болот.

Бүгүнкү күндө банк эсебин ачпастан эл аралык акча которуу системаларынын 12 оператору (мындан ары – акча которуу системасы) Улуттук банктан каттоодон өткөн, алардын ичинен акча которуу системасынын 6 оператору Россиянын аймагында жайгашкан. Россиядан/Россияга акча которуу үчүн Россиянын төмөнкү акча которуу системаларын колдонууга болот:

- Юнистрим;

- Вестерн Юнион;

- Золотая Корона;

- CONTACT.

Акча которуу системаларынын операторлорунун актуалдуу тизмеси Улуттук банктын расмий сайтында «Банктын милдеттери» – «Төлөм системасы» – «Эл аралык жана локалдык акча которуу системалары» бөлүмүндө жайгашкан.

"Акча которуу системасынын операторлоруна акча которуулардын максималдуу суммасы боюнча коюлган учурдагы чектөөлөрдөн тышкары, Россиянын Борбордук банкы тарабынан коюлган чектөөлөр бар экендигин эске салабыз. Ошондой эле, коммерциялык банктар Россияда көрүлгөн чараларга байланыштуу акча которуу системасы аркылуу АКШ долларында акча каражаттарын которуу көлөмүнө убактылуу чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн",- деп билдиришти Улуттук банктын басма сөз кызматынан.

Ушуга байланыштуу акча которуу системасы аркылуу акча каражатын жөнөтүүдө коммерциялык банктардын кызматкерлеринен бардык маанилүү шарттарды тактап алуу зарылдыгын белгилейбиз.

"Мындан тышкары, банктык төлөм карталары бар коммерциялык банктардын кардарлары P2P аркылуу ички жана/же башка төлөм системаларына которууларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Алсак, Кыргызстанда «Элкарт» улуттук төлөм системасы Россиянын «Мир» улуттук төлөм системасы менен зарыл интеграциялык иш-чараларды жүргүзгөн. Азыркы учурда Кыргызстандын коммерциялык банктары байланышсыз төлөм технологиясы менен «Элкарт» системасынын карталарын чыгарып жатышат (Элкарт NFC/Элкарт Байланышсыз), алар бүгүнкү күндө Кыргызстандын чегинен сырткары «Мир» төлөм системасынын тармагында жана «Мир» системасынын өнөктөштөрүнүн төлөм системаларында тейленүү мүмкүнчүлүгүнө ээ

Аны менен катар, Кыргызстандын коммерциялык банктары өздөрүнүн аралыктан орнотулган түзүлүштөрүндө «Мир» төлөм системасынын карталарын тейлей алышат",- деп кошумчалашты банктын басма сөз кызматы.

Мындан тышкары, 2020-жылдан тартып «Мир» системасынын карталарынан «Элкарт» системасынын карталарына акчаларды P2P-которуу долбоору ишке киргизилген.

Тэги: КР Улуттук банк коммерциялык банк доллар.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть