Комендант: Ошко жардам катары келген ун сатылышы мүмкүн эмес

09.04.2020, 13:20 Акчабар
Комендант: Ошко жардам катары келген ун сатылышы мүмкүн эмес

Ошко жардам катары келген ун сатылышы мүмкүн эмес. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Түз эфирде өткөн маалымат жыйында Оштун комендантына «жардам катары келген ун 1450 сомдон, ал эми сатыкта турган ун 1900дөн сатылып жатат» деген билдирүү келип түшкөн.

«Жардамга келген ун сатылышы мүмкүн эмес. Ал эми 1900 сомдон сатылып жатканы боюнча биз толук кандуу текшеребиз. Кымбаттап кеткени боюнча кечээ шаардын мэри жана райондук акимдер дагы калкка кайрылуу жасаган. Доллардын кымбаттаганы менен кээ бир азык-түлүктүн баасы өскөн. Бирок кабатыр болууга негиз жок», - дейт ал.

Тэги: комендант Ош Ун

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть