Коммерциялык банктар күч органдарынан объектилерди коргоону суранды

07.10.2020, 14:10 Акчабар
Коммерциялык банктар күч органдарынан объектилерди коргоону суранды

5-6-октябрдагы башаламандыкта бир канча банкоматтар талап-тонолуп, айрым банктар талкаланган. Бул тууралуу сүрөт-видео материалдар социалдык тармакта кеңири жайылып жатат.

Буга ылайык, социалдык тармактарда банкоматтар, банктар күч түзүмдөрү тарабынан күчөтүлгөн коргоого алынышы керектиги туралуу билдирүүлөр таркаган. Бирок, банктар Союзунун жетекчиси Анвар Абдраевдин айтымына караганда, ага каржы уюмдары тарабынан талап-тоноочулуктун алдын алуу үчүн жардам көрсөтүү тууралуу официалдуу кайрылуу келип түшө элек.

«Мен ММКдагы маалыматтарга комментарий бере албайм. Себеби, бизге азырынча бир дагы коммерциялык банктан официалдуу түрдө кайрылуу түшө элек. Бирок, кечээки финансы-насыя уюмдарынын өкүлдөрүнүн жыйынында күч органдары тарабынан банктын объектилерин коргооого алуу боюнча чечим кабыл алынган экен», - деп билдирди Абдраев.

Тэги: сүрөт-видео материал социалдык тармак башаламандык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть