Университеттер аралык конференция алгачкы ирет видеоформатта өттү

11.04.2020, 14:45 Акчабар
Университеттер аралык конференция алгачкы ирет видеоформатта өттү

Дүйнөдө болуп жаткан акыркы кырдаалга карабастан Кыргызстандагы жогорку окуу жайдын окутуучулары өз иштерин токтотушкан жок. Алсак, Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин профессордук-мугалимдер жамааты буга чейин белгиленип калган илимий-конференцияны токтотпостон видеоформатта өткөзүшкөн. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.

2020-жылдын 3-апрелинде бухгалтерлер күнүнө карата Эл аралык инновациялык технологиялар университети «Санарип экономиканын шартындагы эсеп, анализ, аудит жана башкаруунун актуалдуу суроолору» аталыштагы видео форматта конференция өткөрдү.

«Жыл сайын өтө туруучу конференция бул жылы дагы үзгүлтүккө учураган жок. Заманбап технологиялардын шарты менен видеоформатта өткөрө алдык. Жыйынтыгы биз күткөндөн дагы жакшы болду. Конференцияда жогорку окуу жайлардагы эсеп, бухгалтерия багытын окутуудагы көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп жана алардын чечүү жолдору айтылды. Учурда окуу жайда иш токтоп калган жок. Окутуучулар үйлөрүндө болсо дагы видеоформатта лецияларды окуп, студенттер менен тыгыз иштешип жатышат», — деп билдирди доцент, э.и.к. Эркегүл Биймырсаева.

Маалым болгондой, видео конференцияга каржы министрлиги жана эсеп палатасынын өкүлдөрү ошондой эле Кыргыз Улуттук университетинин жана Бишкек Мамлекеттик университетинин окутуучулары дагы катышышкан. Жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар электрондук форматта жөнөтүлдү.

Тэги: ЖОЖ конференция видеоформат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть