Коронавируска байланыштуу базарда банандын баасы эки эсеге азайган

06.02.2020, 12:00 Акчабар
Коронавируска байланыштуу базарда банандын баасы эки эсеге азайган

Акыркы эки жума ичинде тамак-аштын баасы кымбаттап кеткен. Бул тууралуу Ош базарындагы сатуучулар билдиришти.

Сатуучулар билдиргендей, жер-жемиш, ун, өсүмдүк майдын баалары жогорулады.

Кытайдан келген баклажан жана кабакчанын (кичинекей сүйрү ашкабактын бир түрү) баалары чек ара жабылгандан соң кымбаттап кеткен. Учурда сатуучулар аталган жемиштерди Өзбекстандан алып келишүүдө.

Акыркы эки күн ичинде ун жана майдын баасы көтөрүлдү. «Бир кап ундун дүң баасы 40-50 сомго кымбаттады, 3 литр өсүмдүк майга 5 сом кошулду», - деп билдирди башка сатуучу.

«Кээ бир жемиштердин баасы тескерисинче арзандады. Мисалы, банандын баасы эки эсеге азайды. Анын себеби, интернетте тарап жаткан коронавируска байланыштуу. Бирок, биз Эквадордон алынып келген банандарды сатабыз. Андан сырткары. "кытай" мандариндерин сатпай калдык. Азыр аларды аябай арзан кылып сатсак деле, эч ким алган жок. Ал эми алма, лимон, анардын баалары эч өзгөрүүсүз бойдон калды. Алар жергиликтүү дыйкандардын колунан келет», - деп айтты сатуучу.

Тэги: банан коронавирус кымбат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть