Коррупцияга шектелип «Кыргызкөмүрдүн» жана Транспорт министрлигинин кызматкерлери кармалды

03.03.2021, 12:30 Акчабар
Коррупцияга шектелип «Кыргызкөмүрдүн» жана Транспорт министрлигинин кызматкерлери кармалды

Коррупция фактысы боюнча «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жана Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Кыргызкөмүр» ишканасынын «Кара-Кече» филиалынын кызматкерлери ар бир айддоочудан миң сомдон тоскоолдуксуз жүктөө үчүн алып турушкан.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2019-2020-жылытуу мезгилине карата Бишкек шаарындагы ЖЭБге көмүрдүн ташылышын эске алганда, 15 миң 376 жүк ташуучу унаага жүк жүктөлгөн. Ал эми 2020-2021-жылытуу мезгилинде тыныгуучу унаалардын саны 22 миң 199ду түзгөн. Натыйжада «Кыргызкөмүрдүн» кызматкерлери эки жылытуу мезгилинде негизсиз алган каражаттын көлөмү 37 миллион сомдон ашкан.

Алар ташылган көмүрдүн уруксат берилген массасынан ашыкча ар бир айдоочудан 500 сомдон алып турушкан.

Жыйынтыгында «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын 2 кызматкери жана Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Турускул» салмак-габариттик көзөмөл пунктунун 2 инспектору кармалып, Нарын шаардык ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тэги: коррупция Кыргызкөмүр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть