Кыргызстанга эки жума ичинде 2,5 миң кычкылтек концентратору келди

16.07.2020, 17:15 Акчабар
Кыргызстанга эки жума ичинде 2,5 миң кычкылтек концентратору келди

Кыргызстанга эки жума ичинде 2,5 миң кычкылтек концентратору келди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова брифингде билдирди.

Анын айтымында, кычкылтек концентраторлор гумжардам аркылуу жана бюджеттен каралган каражатка алынган.

«Концентраторлор медициналык мекемелерге бөлүштүрүлгөн. Баткенге 157, Жалал-Абадга 371, Ысык-Көлгө 402, Нарынга 99, Ош облусуна 340, Таласка 35, Чүйгө 270, Бишкекке 396, Ош шаарына 177 даана кычкылтек концентраторлору бөлүштүрүлдү. Ошондой эле өлкөнүн дарылоо жана алдын алуу мекемелерине - 140 кычкылтек концентратору берилген, резервде дагы 50 концентратор бар. Жакын арада дагы керектүү меджабдыктар алынат», - дейт ал.

Исмаилова өлкө боюнча күндүзгү стационарлар иштеп жатканын айтат.

«Бишкек жана Ошто түнкү стационарлар дагы иштеп, бейтаптарды күнү-түнү кабыл алууда», - деди Исмаилова.

Тэги: Кыргызстан кычкылтек концентратору

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть