Кыргызстанда 8-июндан тарта мечиттер ачылат

04.06.2020, 09:30 Акчабар
Кыргызстанда 8-июндан тарта мечиттер ачылат

2020-жылдын 8-июнунан тарта Кыргызстандагы диний мекемелерге - мечиттерге, чиркөөлөргө жана намазканаларга барууга коюлган чектөөлөр алынып салынат. Мындай чечимди Республикалык штаб Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жана башка диний мекемелердин өкүлдөрү менен кеңешкенден кийин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

[news 23834]

Бул жайларда санитардык чаралардын сакталышын текшерүүнүн жана көзөмөлдөөнүн алгоритми: беткап тагынуу, кире бериштен келгендердин дене табын өлчөө, социалдык аралыкты сактоо камсыз кылынышы керек.

Республикалык штаб өлкө аймагында карантин күчүндө экенин эскертет, ошондуктан жарандар санитардык-гигиеналык нормаларды, анын ичинде коомдук жайларда сөзсүз түрдө беткап тагынууга тийиш.

Тэги: Кыргызстан мечит

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть